Жаңылык
Аксуу районунун Тепке айылында Голанд тести
Аксуу районунун Тепке айылында жайгашкан орто мектепте 11-класстын окуучулары үчүн кесиптик багытты аныктоого арналган семинар өткөрүлдү. Иш-чаранын алкагында окуучуларга кесип тандоонун мааниси, заманбап кесиптер жана алардын келечектеги мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилди. Семинардын соңунда катышуучулар Голланд тестинен өтүп, өздөрүнүн кызыгуусуна жана жөндөмүнө жараша кесиптик багыттарын аныктоого шарт түзүлдү.