Жаңылык
11-класстын окуучулары үчүн кесиптик багытты аныктоого арналган атайын семинар өткөрүлдү
Бишкек шаарындагы Тунгуч кичи районунда жайгашкан №73 орто мектебинде 11-класстын окуучулары үчүн кесиптик багытты аныктоого арналган атайын семинар өткөрүлдү. Семинардын жүрүшүндө окуучуларга ар түрдүү кесиптер, алардын өзгөчөлүктөрү жана келечектеги мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилди. Иш-чаранын соңунда катышуучулар Голланд тестинен өтүп, өздөрүнүн кызыгуусуна жана жөндөмүнө ылайык кесиптик багыттарын аныктоого мүмкүнчүлүк алышты.