Макала

Кесип тандоо-келечекти тандоо

Кесип тандоо-келечекти тандоо

Бекжан Усенкулов 38 жашта. Ал кесиби боюнча экономист, азыркы учурда жеке ишкерлик менен да алектенет. Бекжанга өзүнүн кесиби абдан жагат.

«Кесип тандоо жашоодогу эң жоопкерчиликтүү кадам. Кесип тандоодо адам өзүнө жаккан кесип тандоо зарыл, себеби жашоодо кылган жумушу өзүнө жакса, кылган иши ырахат тартуулайт жана ошол чөйрөдө жакшы ийгиликтерге жетишет. Эгер тандаган кесиби өзүнө жакпаса, эгер акча үчүн гана иштесе, ал чөйрөдө ийгилик жаратуу өтө оор болот»,-дейт Бекжан Усенкулов.